Нарында бала бакчаларда 729 видеокөзөмөл камерасы орнотулду

 Нарында бала бакчаларда 729 видеокөзөмөл камерасы орнотулду

Мектептерде жана бала бакчаларда коопсуздуктун деңгээлин жогорулатуу жана билим, тарбия алуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында Нарын облусунда бир катар иш-чаралар активдүү жүзөөгө ашырылууда. Негизги кадамдардын бири катары, мектептердин жана балдар бакчаларынын аймагында көзөмөл жүргүзүүчү видеокамераларды орнотуп ишке киргизүү болду.

Облуста 140 мектеп жана 145 бала бакча бар. Мектептер Интернет байланышы менен толук  камсыз  болуп, бардыгы 1610  видеокөзөмөл камерасы орнотулган. Ошондой эле, 145 бала бакчанын 112 бала бакчасына 729 видеокөзөмөл камерасы орнотулган. Калган бала бакчаларда дагы видеокөзөмөл жүргүзүү колго алынууда.

Коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш-чаралар мындан ары дагы уланып, контролдоо системалары, тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу үчүн инфратүзүмдү жакшыртуу пландалууда.

Связанный пост