Нарында 2 чоң пилоттук долбоор ийгиликтүү ишке ашты

 Нарында 2 чоң пилоттук долбоор ийгиликтүү ишке ашты

Нарын облусунун жетекчиси Алтынбек Эргешовдун демилгеси менен 2023-жыл – экономикалык секирик жылы болсун деген ниетте 2 чоң пилоттук долбоорду ишке ашыруу максаты коюлган. Бул тууралуу КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады.

Алар: Административдик аймактык реформа жана Министрлер Кабинетинин №713-токтому менен ишке ашып жаткан айыл аймактарында ирригация, ичүүчү суу, тазалык, жайыттарды башкарууну комплекстүү уюштуруу долбоорлору болчу. Бул эки пилоттук долбоор бири-бирине абдан шайкеш келип, удаалаш ишке ашырылды.

АТРдин натыйжасында 63 айыл аймагы бириктирилип, 27 ири айыл аймагы түзүлдү. 2,3 эсе кыскарууга бардык. АТРге чейин 890 штаттык бирдик иш алып барып келсе, 246 штаттык бирдик кыскарып, 644 штаттык бирдик бекитилди.  Реформа жалпы жонунан 2 айлык мөөнөттө ишке ашып, 113,6 млн сом акча каражыт үнөмдөөгө жетиштик. (айлык акы фондунан 74,1 млн сом, башка чыгымдардан 39,5 млн сом) Мындан сырткары 36 имарат бошоду. Китепкана, маданият үйү, муниципалдык ишкана, бала бакча сыяктуу зарыл болгон тармактарга пайдаланууга берилүүдө. 27 айыл өкмөткө мамлекет тарабынан Нива үлгүсүндөгү кызматтык автоунаалар жана 10 миллион сомдон каражат берилди. Ошондой эле үнөмдөлгөн 113,6 миллион сом каражат 3 жылга айыл аймактарын өнүктүрүүгө калтырылып жатат. АТРдин жыйынтыгы менен айыл аймактарын санариптештирүү боюнча да чоң иш жүрдү. Мурда 63 айыл өкмөтүндө мамлекет кызмат көрсөтүү жана маалыматтык базага кирүү мүмкүнчүлүгү болсо, азыр 143 айылда мындай мүмкүнчүлүк түзүлдү. Учурда бул реформа башка облустарга жайылтылып жатат.

АТРге удаалаш Министрлер Кабинетинин №713-токтому менен айыл аймактарында ирригация, ичүүчү суу, тазалык, жайыттарды башкарууну комплекстүү уюштуруу долбоору ишке ашты. Бул долбоордун натыйжасында жайыттарды, ичүүчү, сугат сууларын пайдалануу жана тазалык үчүн акылар айыл өкмөттөрүнүн бюджетине чогултулуп. жергиликтүү маселелерди чечүүгө каражат пайда болду. 27 айыл аймагына 27 муниципалдык ишкана түзүлдү. Буга чейин жайыттарды, ичүүчү, сугат сууларын пайдалануу жана тазалык үчүн акылардан 49 миллион сом чогулса быйыл 110 миллион сом чогултуу планы коюлган.  1-ноябрга карата 101,5  миллион сом чогултулду.

Бул аракеттер ыйгарым укуктуу өкүлдун аппаратынын, райондук мамлекеттик администрациялардын, айыл өкмөттөрүнун, Нарын облусунун элинин ынтымагы, колдоосу менен ишке ашты.

 

Связанный пост