Нарын шаарында түнкү жарыктандыруу иштери уланып жатат

Нарын шаарынын аймагында түнкү жарыктандыруу иштери уланып жатат. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Шаардагы гидрометеорологиялык борбордун аймагынын тосмосуна демөөрчүлөрдүн эсебинен алынган түнкү чырактар Таза-Нарын ишканасынын кызматкерлеринин аракети менен тагылып, жарыктандырылды.

Ушундай эле жарыктандыруу Москва аймагындагы Раззаков көчөсүндө да болду. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен алынган диоддуу лампалар тагылып, жандырылды.

Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев жарыктандыруу иштеринин жүрүшү менен таанышып, коопсуз шаар долбоорунун алкагында шаарда караңгы аймак калтырбай жарыктандыруу керектигин белгиледи.

Связанный пост