Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутатын шайлоодо добуш берди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-майда, № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоодо добуш берди.

 

Мамлекет башчысы жубайы Айгүл Жапарова менен бирге Бишкектеги №1053 шайлоо тилкесинде добуш берди.

 

№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоого 29 талапкер катышууда.

Связанный пост