Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүү башталды

 Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүү башталды

Бүгүн – 2023-жылдын 27-февралында саат 08.00дө Бишкек шаарындагы №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу  боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда  шайлоодо добуш берүү башталды.

 

№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын  шайлоодо добуш берүү үчүн 51 шайлоо участогу ачылган. Шайлоо округу боюнча шайлоочулардын тизмесиндеги шайлоочулардын саны 124 908 мин, алардын ичинде 54 678 эркек,  70 230 аял, башкача айтканда 43,77% жана  56,23%.

 

Добуш берүүнү өткөрүү убактысы: 2023-жылы 28 –майы  саат 08.00дөн 20.00гө чейин (Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун милдеттүү түрдө ала келүү зарыл).

Связанный пост