ИИМдин Академиясында Россия менен Түркияга билим алууга кетип жаткан курсанттардын ант берүү аземи болуп өттү

 ИИМдин Академиясында Россия менен Түркияга билим алууга кетип жаткан курсанттардын ант берүү аземи болуп өттү

Үстүбүздөгү жылдын 29-август күнү ИИМдин Академиясында Түркия Республикасынын жана Россия Федерациясынын ички иштер министрликтеринин окуу жайларынан билим алуу максатында кетип жаткан 30 курсанттын кыргыз элинин алдында ант берүү аземи болуп өттү.

Салтанаттуу иш-чарага ИИМдин Академиясынын башчысы, милициянын генерал-майору Тариель Абитов, Түркия Республикасынын ИИМдин Жандармерия жана жээк күзөтүү Академиясынын кадрларды пландаштыруу бөлүмүнүн башчысы генерал-майор Өзлем Йлмаз, курсанттардын ата-энелери, жакындары жана Академиянын өздүк курамы катышты.

Быйыл, Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин Академиясына 21, ал эми Түркия Республикасынын ИИМдин Жандармерия жана жээк күзөтүү Академиясына 9 курсант билим алуу максатында мекенинен алыс кетүүдө. Окууга өтүп сүйүнүп, көздөрүндө оту менен жалын ойноп жаткан курсанттарды куттуктоо сөзүнө чыккан ИИМдин Академиясынын башчысы, милициянын генерал-майору Тариель Абитов буларга токтолду: “Урматтуу курсанттар, сиздерди ант беришиңер менен куттуктаймын! Дароо айтып кетейин, ички иштер органдарында кызмат өтөө ар бириңерден кесипкөйлүүлүктү, эрктүүлүктү жана кыраакылыкты талап кылат.

Бүгүнкү күндө силерге коюлуучу башкы талап, татыктуу билим алуу жана чет жерде мекениңердин намысын бийик коргоо. Баштаган жолуңар байсалдуу болсун! Окууңарды ийгиликтуу аяктап, дал ушул курамда, бекем ден соолукта, билимге сугарылган, жогорку даярдыктагы кызматкерлерден болуп келишет деп үмүттөнөм”.

Ошондой эле, Академиянын башчысы мекенин сүйгөн уул-кыздарды тарбиялап, чоң үмүт менен билим алууга жөнөтүп жаткан курсанттардын ата-энелерине да ыраазычылыгын билдирди.

Кийинки куттуктоо сөзүн алган Түркия Республикасынын ИИМдин Жандармерия жана жээк күзөтүү Академиясынын кадрларды пландаштыруу бөлүмүнүн башчысы, генерал-майор Өзлем Йлмаз өз сөзүндө окууга өткөн курсанттарды куттуктап, балдарын алыс сапарга узатып жаткан ата-энелерге жана Академиянын жетекчилигине, Түркияга билим алуу максатында барган курсанттарга колдоо көрсөтүп, алардын татыктуу билим алуусу үчүн шарт түзөөрүн убадалап, сарсана болбоого чакырды.

Иш-чаранын соңунда ИИМдин Академиясынын башчысы Териел Абитов окууга өткөн курсанттарды дагы бир ирет куттуктап, билим алууга дилгир жана чыдамкай болууга чакырды.

Связанный пост