ММКФ биринчи кварталда республиканын 149 саламаттык сактоо уюмун толук каржылоону камсыз кылды

 ММКФ биринчи кварталда республиканын 149 саламаттык сактоо уюмун толук каржылоону камсыз кылды

Бейтаптарга медициналык жардамды өз убагында жана сапаттуу көрсөтүү үчүн Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген 149 саламаттык сактоо уюмуна дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды (шприцтер, системалар, кол каптар жана башка) сатып алуу үчүн гана 443,7 млн ​​сомго каржылоо жүргүзүлдү.  Башкача айтканда, саламаттык сактоо уюмдарынын 2024-жылдын 1-кварталына дары-дармек каражаттарын сатып алуу үчүн финансылык ресурстарга болгон муктаждыктарын 100% камсыз кылды.

ММК фонду финансылык жана башкаруучулук автономияга ээ болгон саламаттык сактоо уюмдары Мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык бардык бейтаптарды Жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын тизмесинен зарыл болгон дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар менен камсыздоого жана чыгымдарды пландаштырууга тийиш экендигин эскертет.

Связанный пост