Минкаб Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Министрлер Кабинетине караштуу коомдук саламаттыкты сактоо боюнча Координациялык кеңештин отурумун өткөрдү

 Минкаб Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Министрлер Кабинетине караштуу коомдук саламаттыкты сактоо боюнча Координациялык кеңештин отурумун өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Министрлер Кабинетине караштуу Коомдук саламаттыкты сактоо боюнча Координациялык кеңештин жаңыланган курамынын биринчи отурумун өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө Коомдук саламаттыкты сактоо координациялык кеңешке караштуу ВИЧ/СПИД, кургак учук жана безгекке каршы күрөшүү боюнча Өлкөлүк комитеттин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат угулду.

Координациялык кеңештин оутрумунун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине Коомдук саламаттык сактоо боюнча координациялык кеңешке караштуу ВИЧ/СПИД, кургак учук жана безгек менен күрөшүү боюнча комитеттин жаңы жобосун жана жаңы курамын иштеп чыгуу боюнча секторлор аралык жумушчу топту түзүү тапшырылды.

Связанный пост