МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Казакстандын Президентинин жардамчысы Асет Исекешев менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Казакстан Республикасынын Президентинин жардамчысы Асет Исекешев менен жолукту.

Жолугушууда тараптар соода жүгүртүү, транзиттик жүк ташуу, логистика, күйүүчү май жана суу-энергетика тармактарындагы маселелер тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Өз сөзүндө Бакыт Төрөбаев биргелешкен аракеттердин аркасында кыргыз-казак кызматташтыгынын эки тараптуу актуалдуу маселелери деталдуу талкууланып, өз ара түшүнүшүү, ишеним жана колдоо деминде чечилип жатканын белгиледи.

“Соода жана транзиттик жүк ташуу чөйрөсүндө бүгүнкү күндө орун алып жаткан көйгөйлөрдү жана тоскоолдуктарды талкуулоо жана аларды чечүүнүн жолдорун табуу үчүн дайыма жолугушууларды өткөрүп туруу биз үчүн өтө маанилүү”, – деди МинКаб Төрагасынын орун басары.

Ошондой эле сүйлөшүүнүн жүрүшүндө суу-энергетика тармагындагы маселелер кеңири талкууланып, алар аймактагы суу жана энергетикалык ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууну камсыздоо максатында “Камбар-Ата 1” ГЭСинин курулуш долбоору боюнча кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара түшүнүшүүгө жана ишенимге негизделген достук жана бир туугандык байланыштар аркылуу биргелешип иш алып барууга келишти.

Связанный пост