МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров жогорку технологиялуу жүрөк-кан тамыр кластерин түзүү планы менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров академик М. Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунда болуп, жогорку технологиялуу жүрөк-кан тамыр кластерин түзүү планы менен таанышты.

Таанышуу учурунда Кыргыз Республикасында каза болгондордун 52%дан ашууну жүрөк-кан тамыр ооруларынан улам болуп жатканы айтылды.

Саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова, жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алуунун алкагында “Шашылыш кардиология” программасы кабыл алынганын, ага ылайык 5 жылдын ичинде бул оорудан каза болгондордун санын 25%га кыскартуу мүмкүнчүлүгү пландалганын билдирди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, жогорку технологиялуу жүрөк-кан тамыр кластерин түзүү үчүн инвесторлордун консорциуму тартылган, ал эми салымдардын (инвестициялардын) болжолдуу баасы 4,5 млн АКШ долларын түзөт. Кластердин ишке кириши менен Улуттук кардиология борборунда жүрөккө уникалдуу операцияны жасоого, жүрөк-кан тамыр ооруларын жана инсультту дарылоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.

МинКаб Төрагасы адистерди даярдоого өзгөчө көңүл буруу керектигин белгилеп, жаңы жогорку технологиялуу жабдуулар менен иштей турган ар бир медицина кызматкери тиешелүү билимге ээ болушу керектигин кошумчалады.

Таанышуунун соңунда Саламаттыкты сактоо министри кызматташуу жөнүндөгү макулдашууну талкуулоо үчүн жакынкы аралыкта инвесторлордун келиши күтүлүп жатканын билдирди.

Связанный пост