МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров: Бишкек штамптоочу заводу – биздин келечектеги ири салык төлөөчүбүз, аларга максималдуу колдоо көрсөтүшүбүз керек

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Бишкек штамптоочу заводуна (БШЗ), ошондой эле “Кыргызиндустрия” ачык акционердик коомунун объектилерине барышты.

“Бул биздин келечектеги ири салык төлөөчүбүз, биз аларга максималдуу колдоо көрсөтүшүбүз керек. Мүлктү инвентаризациялоо, ашыкчаларын металл сыныктарына кошуу, карыздык милдеттенмелерди жана Социалдык фонд боюнча маселелерди чечүү керек. Негизги максат ири технопарк түзүү”, – деген Акылбек Жапаров Энергетика министрине БШЗ объектилерин үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоону тапшырды.

МинКаб Төрагасы ошондой эле заводдо чыгарыла турган продукция биринчи кезекте “республиканын муктаждыктарын жабууга, андан кийин гана башка өлкөлөргө экспорттолууга тийиш” экендигин белгиледи.

“Баарыбыз билебиз, бардык жайлардын пайдубалы бекем, совет доорунда имараттар сапаттуу курулган, заводдун аймагын иретке келтирүү гана калды, ашыкча баардык нерселерден арылуу керек, эң негизгиси бардык коммуникациялар байланышкан”, — деди Министрлер Кабинетинин Төрагасы.

Белгилей кетсек, Министрлер Кабинетинин токтому менен “Бишкек штамптоочу заводу” мамлекеттик ишканасынын пайдаланылбай жаткан кыймылсыз мүлк объекттери “Кыргызиндустрия” ААКга акысыз убактылуу пайдаланууга берилип, учурда “калыбына келтирүү” иштери башталды.

Связанный пост