Март айында Ысык-Көлдүн жээгине 19 чакырымдык веложолдун курулушу башталат

Жазында Ысык-Көлдүн жээгине 19 чакырымдык веложолдун курулушу башталат.
Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан билдиришкендей, веложол Азия өнүктүрүү банкы тарабынан 56 миллион АКШ доллары өлчөмүндө каржыланган «Туризмди туруктуу өнүктүрүү үчүн Ысык-Көлдүн экологиясын башкаруу» долбоорунун негизинде жасалат.
Долбоордо төмөнкүлөр каралган:
– Бостериден Кара-Ойго чейин саркынды сууларды тазалоочу жай жана канализациялык коллектор куруу;
– Чолпон-Ата шаарындагы Саймалуу-Таш петроглифтик музейин жана башка музейлерди реконструкциялоо;
– Ыңгайлуу эс алуу зоналары менен Ысык-Көлдүн жээгин бойлото 19 чакырымдык веложол куруу.
Долбоор 2025-жылдын март айында башталып, аны ишке ашыруу экологиялык абалды жакшыртууда жана аймактын туристтик потенциалын жогорулатууда маанилүү кадам болот.