Марлен Маматалиев Ирандын Жогорку Лидери Али Хаменеини акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышты
Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев баштаган делегация Иран Ислам Республикасынын Жогорку Лидери Али Хаменеи менен коштошуу зыйнатына катышты.
Акыркы сапарга узатуу зыйнаты Ирандын борбор калаасы Тегеранда өтүп, Жогорку Кеңештин делегациясын азем өтүүчү жайда Иран Ислам Республикасынын парламентинин вице-спикери тосуп алды.
Белгиленген протоколго ылайык, аземди алып баруучу кыргыз делегациясынын келгенин жарыялагандан кийин Төрага борбордук коштошуу залында маркумдун элесине таазим этти.
Андан соң Иран Ислам Республикасынын тышкы иштер министри Аббас Аракчи жана Жогорку Лидердин үй-бүлө мүчөлөрү менен жолугушту.
Иш-чаранын соңунда Төрага атайын китепчеге кыргыз элинин жана Жогорку Кеңештин атынан көңүл айтуу текстин жазды.