“Манас-Ордонун” реконструкциясы уланууда
Талас облусундагы Кыргыз улуттук “Манас-Ордо” комплексинде реконструкция иштери кызуу уланууда.
Курулуш министрлигинен билдиришкендей, учурда административдик имараттын, галереянын, түлөөкананын, конгресс-холлдун жана коттедждердин дубалдары тургузулду.
Долбоорго ылайык, комплексте төмөнкү объекттер курулууда:
- 300 орундуу конгресс-холл жана административдик борбор;
- Улуттук элементтер камтылган коттедждер, жайкы жана кышкы ашканалар;
- Соода жана эс алуу аймагын түзгөн галерея;
- 3500 орундуу маданий жана коомдук иш-чаралар борбору.
“Манас-Ордонун” жалпы аянты 225 гектарды түзөт. Жаңы долбоордун алкагында музей имаратынын аянты 450 чарчы метрден 1500 чарчы метрге чейин кеңейтилип, кыргыз элинин улуттук өзгөчөлүктөрү заманбап жана нукура стилде чагылдырылат.
Белгилей кетсек, комплекс акыркы 30 жылдан бери биринчи жолу мындай ири масштабдагы реконструкциядан өтүүдө.
Оңдоо иштери “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы тарабынан толук көзөмөлдөнүүдө.