Россиядагы мекендештердин укугун коргоо: Дээрлик 150 млн рубль өндүрүлдү

 Россиядагы мекендештердин укугун коргоо: Дээрлик 150 млн рубль өндүрүлдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү мекендештердин укуктарын коргоо жана эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү маселелерди чечүү багытында активдүү иш алып барууда.

Эмгек министрлигинен билдиришкендей, өкүлчүлүк министрлер кабинетинин токтомунун негизинде түзүлүп, анын башкы максаты — Россиядагы кыргызстандыктардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо жана коопсуз эмгек ишмердүүлүгүнө көмөктөшүү.

Өкүлчүлүк тарабынан 2022-жылдын ноябрынан 2026-жылдын мартына чейин төмөнкү иштер жасалган:

  • 1 643 жаранга төлөнбөй калган 121 млн 299 миң 200 рубль өлчөмүндөгү эмгек акысын өндүрүп алууга көмөк көрсөтүлдү.
  • Жумуш ордунда жаракат алып, ден соолугуна зыян келтирилген 27 жаранга иш берүүчүлөрдөн 27 млн 772 миң рубль компенсация өндүрүлүп берилди.
  • Миграция мыйзамдары жана башка маселелер боюнча 59 миң 292 жаранга түз жана телефон аркылуу укуктук кеңештер берилди.

Жарандардын 3 711 кайрылуусунун алкагында өкүлчүлүктүн кызматкерлери Москва шаарынын жана Москва облусунун полиция бөлүмдөрүнө, сотторуна, прокуратура жана тергөө комитети сыяктуу ыйгарым укуктуу органдарына 1 291 ирет барып, жеринде коргоо иш-чараларын жүргүзүштү.

Связанный пост