Кореяда иштеген 126 кыргызстандык пенсиялык топтомун алды
Түштүк Кореяда расмий иштеген 126 кыргызстандык пенсиялык топтомун алды. Бул тууралуу Социалдык фонддон билдиришти.
Маалыматка ылайык, пенсиялык топтомду алуу үчүн жалпысынан 151 жаран кайрылган. Алардын 126сына каражат төлөнүп берилсе, 25не арыз боюнча чечим чыга элек.
Бир жаранга которулган каражаттын орточо өлчөмү 3 миң 789 долларды түзгөн.
Социалдык фонддун маалыматына караганда, Түштүк Кореяда иштеп жүргөндө айлыгынан пенсиялык төгүмдөр кармалган кыргызстандыктар өлкөгө кайтып келгенден кийин бул каражатты алуу үчүн Социалдык фондго кайрыла алышат. Төлөмдөр Кореянын Улуттук пенсия кызматы тарабынан жүргүзүлөт.