Кыргызстанда жаңы авиакомпанияларды ачууга коюлган мораторий алынды
Кыргызстанда авиакомпанияларга эксплуатанттын сертификатын (AOC) берүүгө киргизилген мораторий алынды.
Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, бул чечим жарандык авиацияны өнүктүрүүгө, жаңы авиакомпанияларды түзүүгө жана ички, эл аралык каттамдарды кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.
“Мораторий 2024-жылы учуулардын коопсуздугуна мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүү жана авиация тармагын реформалоо максатында киргизилген. Бул мезгилде улуттук авиация системасын эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү боюнча иштер жүргүзүлүп, 2026-жылдын июнь айында Кыргызстан Европа биримдигинин авиациялык коопсуздук тизмесинен чыгарылган”, – деп айтылат маалыматта.
Мораторийдин алынышы инвестиция тартууга жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө да шарт түзөт.
Ошол эле учурда жаңы авиакомпаниялар сертификат алуу үчүн толук текшерүүдөн өтүп, Кыргызстандын авиациялык эрежелерине жана Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) стандарттарына жооп бериши керек. Учуулардын коопсуздугуна мамлекеттик көзөмөл улантылат.