Жалал-Абадда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды

 Жалал-Абадда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды

Сейсмология институтунун алдын ала маалыматына ылайык, саат 19:44тө Кыргыз Республикасынын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда күчү 6 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында 4,5 балл, Жалал-Абад шаарында 3,5 баллга чейин сезилген. Учурда түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Өзгочо кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен саат 20:00дө министрликтин Жалал-Абад облустук башкармалыгына “Айгай” жарыяланды.

Майлуу-Суу шаарындагы кырдаалды жеринен билүү жана Жарандык коргонуу комиссиясы менен тактоо иштерин жүргүзүү үчүн башкармалыктын башчысынын жетекчилигинде ыкчам топ тартылган. Жер титирөөдөн Базар-Коргон районунун Арстанбап-Ата айыл аймагынан 2 турак үй, Сузак районунун Кыз-Кол айыл аймагындагы мектептин спортзалынын дубалдары жарака кетип, жабыркаган.

Жер титироодон адам өмүрүнө зыян келтирилген жок.

Связанный пост