Маевка айыл өкмөтүнүн кызмат адамдарына кылмыш иши козголду
![Маевка айыл өкмөтүнүн кызмат адамдарына кылмыш иши козголду](https://eltr.kg/wp-content/uploads/2022/12/321359688_870119870993843_2225803279466862799_n.730x0.jpg)
Аламүдүн райондук прокуратурасы тарабынан Маевка айыл өкмөтүндө бюджеттик мыйзамдардын талаптарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Текшерүүдө, 2018-2021-жылдар аралыгында аталган айыл өкмөттүн жооптуу кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында 7 млн 620 миң 968 сомдук бюджеттик акча каражаттарынын жетишсиздиги аныкталып, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен райондук прокуратура тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”) жана 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды.