Кыргызстанга сапаттуу дары-дармектер түз жеткириле баштайт

 Кыргызстанга сапаттуу дары-дармектер түз жеткириле баштайт

Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Францияга болгон иш сапарынын алкагында дүйнөлүк ири фармацевтикалык Sanofi компаниясынын өкүлдөрү, анын ичинде Sanofi Global Health бөлүмүнүн жетекчиси Тибо Лефор менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда Кыргызстандын элине эл аралык деңгээлдеги сапаттуу жана далилдүү дары-дармектердин жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү маселелери талкууланды. Министр бейтаптарды заманбап жана коопсуз дарылар менен камсыз кылуу өлкөнүн саламаттык сактоо системасынын артыкчылыктуу багыты экенин белгиледи.

“Биз үчүн кыргызстандыктар эл аралык стандарттарга жооп берген сапаттуу дары-дармектерге жеткиликтүү болушу өтө маанилүү. Sanofi сыяктуу глобалдык компаниялар менен кызматташуу бейтаптар жана жалпы саламаттык сактоо системасы үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат”, – деди Осмонов.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасы аркылуу дары-дармектерди түз жеткирүү мүмкүнчүлүгүн карашты. Бул механизм ортомчуларды кыскартууга жана өлкө үчүн дарылардын баасын кыйла арзандатууга шарт түзөт.

Ошондой эле алыскы райондордогу медициналык мекемелер менен алдыңкы клиникалардын ортосундагы байланышты чыңдоо үчүн телемедицина боюнча санариптик чечимдерди киргизүү маселеси талкууланды. Бул аймактарда адистештирилген медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатат.

Мындан тышкары, “Кыргызфармациянын” ишинин ачыктыгын жогорулатуу жана дары-дармектерди сатып алуу процесстерин, жеткирүү мониторингин өркүндөтүү үчүн заманбап IT-чечимдерди киргизүү келечеги каралды.

Акыркы жылдары өлкө рыногунда Sanofi продукциясынын катышуусу кыскарып кеткен болсо, бул жолугушуу француз тараптын Кыргызстан менен кызматташууну кайра жандандырууга жана кеңейтүүгө кызыкдар экенин көрсөттү.

Маалымат үчүн: Sanofi – кант диабетин, жүрөк-кан тамыр, онкологиялык, сейрек кездешүүчү ооруларды дарылоочу препараттарды жана инновациялык вакциналарды өндүргөн алдыңкы эл аралык компаниялардын бири.

Связанный пост