Кыргызстанга АКШ жана Европадан туристтик поезд келди

Бишкекке бүгүн туристтик поезддин үчүнчү каттамы келди.

“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын маалыматына караганда, 70тен ашык саякатчы Америка жана Европа өлкөлөрүнүн жарандары.

Туристтерди тосуп алууга Бишкек, Балыкчы мэриясынын кызматкерлери жана Кемин районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышты.

Быйылкы жылы туристтик поезд муну менен өлкөгө үчүнчү жолу келип жатат.

Связанный пост