Кыргызстандын фехтование боюнча курама командасы Дүйнө кубогунда 3-орунду ээледи
![Кыргызстандын фехтование боюнча курама командасы Дүйнө кубогунда 3-орунду ээледи](https://eltr.kg/wp-content/uploads/2022/11/316083087_5520363114758173_1306510693751472457_n-850x560.jpg)
Кыргызстандын Фехтование боюнча юниорлор курама командасы 19-20-ноябрь күндөрү Ташкент шаарында өткөн Дүйнө кубогуда 4 коло медаль жеңди. Ошондой эле жалпы командалык эсепте 3-орунду ээледи.
Спортчулар алгач Монголия менен беттешип 45 : 37 упай менен жеңген. Ал эми экинчи беттешинде Өзбекстан менен беттешип 45-25 эсебинде жеңилген. Коло медаль үчүн беттеште Сауд Аравия менен беттешип, 45-36 эсебинде жеңишкен.
Курама команданын тизмеси:
1. Токтогулова Айпери МС;
2. Никитина Юлия МСМК;
3. Кенешова Акак МСМК;
4. Мамырова Алия КМС.
Белгилей кетсек, буга чейин курама команда юниорлор арасында дүйнөлүк рейтингде 50-орунда болсо, Дүйнө кубогунан кийин 23-орунга көтөрүлдү.