Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү алмашты
Аида Касымалиева Кыргызстандын Нью-Йорк шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Ал бул кызматка 2021-жылдын декабрь айында дайындалган.
Анын ордуна Нью-Йорк шаарындагы БУУдагы Кыргызстандын туруктуу өкүлү болуп мурдагы юстиция министри Аяз Баетов дайындалды.