Кыргызстандын аймагында жер титиреди

 Кыргызстандын аймагында жер титиреди

Кыргызстандын аймагында жер титиреди.

 

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн саат 10:01де орун алып, очогунда күчү 3,5 магнитудасына жеткен.

 

Жердин силкинүүсү Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай, Бузук айылдарында 3 балл, Кызыл-Токой жана Ала-Бука районунун Өрүктү-Сай айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

 

Жер титирөөнүн кесепетинен жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Связанный пост