Кыргызстандыктардын финансылык сабаттуулугу 4% жогорулады

 Кыргызстандыктардын финансылык сабаттуулугу 4% жогорулады

Кыргызстанда калктын финансылык сабаттуулугунун жалпы көрсөткүчү 2021-жылга салыштырмалуу 4% жогорулап, 20 баллдан 11,8 баллды түздү. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

2025-жылы жүргүзүлгөн үчүнчү улуттук изилдөөгө ылайык, төрт жыл ичинде финансылык билимдин деңгээли 10% өскөн. Ошондой эле жарандардын финансылык жүрүм-турумунун көрсөткүчү 3% жогорулап, 69%ды түздү.

Ошол эле учурда узак мөөнөттүү финансылык пландарга болгон мамилени чагылдырган көрсөткүч 8% төмөндөгөн. Бул жарандардын көбү учурдагы керектөөлөргө көбүрөөк көңүл буруп, узак мөөнөттүү финансылык пландарды түзүүдө кыйынчылыктарга туш болуп жатканын көрсөтөт.

Изилдөө Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун эл аралык методикасы боюнча жүргүзүлүп, ага финансылык бакубаттуулук, туруктуулук, санариптик финансылык сабаттуулук жана финансылык жеткиликтүүлүк көрсөткүчтөрү да киргизилген.

Связанный пост