Сентябрда Кыргызстанга 274,1 млн доллар акча которулду
2026-жылдын сентябрь айында Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн келген акча которуулардын жалпы көлөмү 274,1 млн долларды түздү.
Улуттук банктын маалыматына караганда, анын 250,8 млн доллары КМШ өлкөлөрүнөн, ал эми 23,3 млн доллары алыскы чет мамлекеттерден которулган.
Ошол эле мезгилде Кыргызстандан чет өлкөлөргө жөнөтүлгөн акча которуулардын көлөмү 9,4 млн долларды түздү. Анын 3,3 млн доллары КМШ өлкөлөрүнө, 6 млн доллары алыскы чет мамлекеттерге которулган.