Таласта Эгемендүүлүк күнүн белгилөөгө карата даярдыктар текшерилди
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргыз Рстандын Көз карандысыздыгынын 35 жылдыгын белгилөө күнүнө карата даярдыктар менен таанышты.
Минкаб башчысы Эгемендүүлүк күнүн белгилөөнүн алкагында Талас облусунда ачыла турган бардык социалдык жана инфраструктуралык обьектилерди кыдырып, ар биринин даярдыгын текшерип чыкты.
Белгилей кетсек, эртең, 11-сентябрда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Талас облусундагы бир катар обьектилер менен кошо, онлайн форматта өлкө аймагы боюнча 105 социалдык обьект, 60 ишканана ишке киришет.
Минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев Көз карандысыздыктын 35 жылдыгын жогорку деңгээлде өткөрүү зарылчылыгын белгилеп, жоопту мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берди.