Кыргызстан менен Того диппаспорт ээлери үчүн визалык талаптарды жойду
Президент Садыр Жапаров “2026-жылдын 29-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети менен Тоголез Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык, расмий жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2026-жылдын 15-октябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты 2026-жылдын 29-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети менен Тоголез Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык, расмий жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасы тарабынан аткаруу болуп саналат.
Макулдашууда Кыргыз Республикасынын дипломаттык жана кызматтык паспортторунун ээлери жана Тоголез Республикасынын дипломаттык жана расмий паспортторунун ээлери болгон жарандар макулдашуунун тараптарынын аймагына кирүү, чыгуу жана транзит менен өтүү үчүн визалык талаптардан 180 күндүн ичинде 90 күндөн ашпаган мөөнөткө бошотулары каралган.