Кыргызстанда жер титирөө катталды

 Кыргызстанда жер титирөө катталды

Бүгүн, 23-июнда Кыргызстандын аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Эгин-Жай айылынан 8 чакырым түндүк-батышта, Баткен шаарынан 100 чакырым түштүк-чыгышта, Ош шаарынан 105 чакырым түштүк-батышта жайгашкан.

Жердин силкинүсү калктуу конуштарда сезилген эмес.

Связанный пост