Кыргызстанда сасык тумоого чалдыккандар азайды

 Кыргызстанда сасык тумоого чалдыккандар азайды

Кыргызстанда сасык тумоого чалдыккандар азайды, деп билдирди Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө мамлекеттик департаменти.

 

Адистердин маалыматы боюнча, 2023-жылдын 51-жумасына (12.18-12.24.23) карата республика боюнча 16 миң 223 курч респиратордук вирустук инфекциялар жана сасык тумоого чалдыгуу учуру катталган (сасык тумоонун индекси 230,1), өткөн жумага салыштырмалуу +40,2% га өскөн.

 

2022-жылдын ушул эле жумасына (489,5) салыштырмалуу оорунун -2,1 эсеге азайышы байкалган.

 

Бул эпидемиологиялык сезондо А тумоосу, ошондой эле башка респиратордук вирустук инфекциялар сыяктуу эле, негизинен, айланууда.

Связанный пост