Кыргызстанда эт көп өндүрүлө баштады

2025-жылдын 1-майына карата өлкөдө эт өндүрүүнүн көлөмү өсүп, 127,1 миң тоннага жетти. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, январь-апрель айларында мал чарба продукцияларынын негизги түрлөрүнүн өндүрүлүшү өткөн жылга салыштырмалуу төмөндөгүдөй өсүшкө ээ болгон:
- эт өндүрүү – 127,1 миң тонна (өсүү 3,0%). Ар бир облуста өсүү байкалып, малдын жана үй канаттууларынын санынын көбөйүшү негизги себеп болду;
- сүт өндүрүү – 437,6 миң тонна (өсүү 1,5%). Өсүш уйлардын санынын 1,8% жогорулашы жана продуктивдүүлүктүн 16,4 кг көбөйүшү менен шартталды;
- жумуртка өндүрүү – 243,6 млн даана (өсүү 11,5%). Үй канаттуулардын саны 10,6% көбөйүп, тооктордун орточо тукумдуулугу 13 даанага жогорулады.