Кыргызстанда бир жумада 23 миңден ашуун жол эрежесин бузуу фактысы катталды
Кыргызстандын аймагында 22нен 28-январга чейинки аралыкта 23 миң 400 жол эрежесин бузуу факталыра катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан (ЖКККББ) билдиришти.
Алардын ичинен:
- Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 326
- Мас абалында рулга отуруу — 379
- Автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 38
- Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 1 557
- Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 3 295
- Автоээнбаштык — 8
- Белгиленген ылдамдыктан ашуу — 3 919;
- Жалган мамлекеттик номер менен унаа башкаруу — 4
- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары — 13 874;
КР ИИМдин ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.