Кыргызстанда бир суткада 22 өрт кырсыгы катталды
![Кыргызстанда бир суткада 22 өрт кырсыгы катталды](https://eltr.kg/wp-content/uploads/2022/08/660311638515359_big-1-850x560.jpg)
Кыргызстанда акыркы суткада 22 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 4, Жалал-Абад облусунда 2, Чүй облусунда 4, Ош облусунда 6, Ош шаарында 1, Баткен облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 2, Талас облусунда – 1 өрт кырсыгы катталып, аны өчүрүүгө 25 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.
Алсак, Чолпон-Ата шаарындагы Правда көчөсүндө короодо Volkswagen Golf 3 үлгүсүндөгү жеңил унаа толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.
Баткен шаарында Токтогул көчөсүндө жалпы аянты 145 чарчы метр сарай толугу менен жана 6 тонна чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.
Жалал-Абад шаарындагы Дача кичи районунда болжол менен аянты 120 чарчы метр турак үй толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.