Кыргызстанда акыркы үч жылда 2059,6 чакырым жол төшөлгөн

 Кыргызстанда акыркы үч жылда 2059,6 чакырым жол төшөлгөн

Кыргызстанда акыркы үч жылда 2059,6 чакырым жол төшөлгөн. Бул тууралуу КРнын Финансы министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Белгилей кетсек, 2021-жылга чейин Кыргызстанда жыл сайын орто эсеп менен 250 чакырым жолдор жасалчу.

2021

2021-жылы жол тармагын өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен 12,9 млрд сом бөлүнгөн.

Учурдагы бюджеттин эсебинен 13,5 км жолго асфальт төшөлгөн.

«Капиталдык салымдар» беренеси боюнча 2,3 млрд сом өздөштүрүлүп, 160 км жолго асфальт төшөлдү.

«Мамлекеттик инвестициялар» тармагы боюнча 7,5 млрд сом өздөштүрүлгөн. 113 чакырым жол салынды.

Жалпысынан 2021-жылы 286,5 км жол жасалган.

 

2022

2022-жылы жол тармагын өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен 22,9 млрд сом бөлүнгөн.

Учурдагы бюджеттин эсебинен 196,1 км жолго асфальт төшөлдү.

«Капиталдык салымдар» беренеси боюнча 5,75 млрд сом толук өздөштүрүлдү. 557,9 км жолго асфальт төшөлдү.

«Мамлекеттик инвестиция» тармагы боюнча 13,2 млрд сом өздөштүрүлгөн. 142,2 км жол жасалды.

Жалпысынан 2022-жылы 896,1 км жол жасалган.

 

2023

2023-жылы КР Транспорт жана жолдор министрлигине 16,7 млрд сом каралган.

Учурдагы бюджеттен эсебинен 186 чакырым жолго асфальт төшөлгөн.

«Капиталдык салымдар» беренеси боюнча 515,9 чакырым жол асфальтталган.

«Мамлекеттик инвестиция» тармагы боюнча 176 чакырым жол жасалган.

Жалпысынан 2023-жылы 877 км жол асфальтталган.

 

2024

2024-жылы 14,6 млрд сом каралган.

31-март 2024-жылга карата учурдагы бюджеттин эсебинен КР Финансы министрлиги 1,36 млрд сом каржылаган.

“Капиталдык салымдар” беренеси боюнча бүгүнкү күндө 1,4 млрд сом каржыланып, 660 чакырым жолдун оңдоо-курулуш иштерин жүргүзүү пландалууда.

«Мамлекеттик инвестиция» тармагы боюнча 828,2 млн сом өздөштүрүлгөн.

Связанный пост