Кыргызстанда өстүрүлгөн малина, карагат жана ежевиканы Кытайга экспорттоого уруксат берилди

 Кыргызстанда өстүрүлгөн малина, карагат жана ежевиканы Кытайга экспорттоого уруксат берилди

Кыргызстанда өстүрүлгөн малина, карагат жана ежевиканы Кытайга экспорттоого уруксат берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 31-августунда Кыргызстан менен Кытайдын Башкы бажы башкармалыгы өсүмдүктөрдүн карантини жана фитосанитардык талаптар боюнча протоколго кол койгон. Анын негизинде Кытай тарап 20-октябрда аталган үч түрдөгү жаңы мөмөнү импорттоого уруксат берген.

Экспорт үчүн мөмө-жемиш өстүрүлгөн жерлер жана таңгактоочу ишканалар Кытай тараптан каттоодон өтүшү керек. Бул үчүн өндүрүүчүлөр жана ишкана ээлери министрликке караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментине же анын аймактык бөлүмдөрүнө кайрылышы зарыл.

“Жаңы мүмкүнчүлүк ата мекендик дыйкандарга жана экспорттоочуларга Кытай рыногуна чыгууга шарт түзөт”, – деп айтылат маалыматта.

Связанный пост