Садыр Жапаров Грузия парламентинин төрагасы Шалва Папуашвилини кабыл алды
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-ноябрда, өлкөгө расмий сапар менен келген Грузия парламентинин Төрагасы Шалва Папуашвили менен жолугушту.
Жолугушууда парламенттер аралык дипломатияны чыңдоо маселелери, ошондой эле эки тараптуу, аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу темалар боюнча пикир алмашуу болду.
Мамлекет башчысы Түштүк Кавказ өлкөлөрү, анын ичинде Грузия менен кызматташуу өлкөнүн тышкы саясий багытында артыкчылыктуу орундардын бирин ээлей турганын баса белгиледи.
Садыр Жапаров бул сапар Кыргызстан менен Грузиянын ортосундагы саясий диалогдун ырааттуу өнүгүп жатканын айгинелей турганын айтты.
Президент парламенттер аралык кызматташтык кыргыз-грузин мамилелеринде өзгөчө орунду ээлей турганына токтолду. Ушуга байланыштуу тармактык комитеттердин, биринчи кезекте эл аралык иштер боюнча комитеттердин, ошондой эле достук топторунун өз ара аракеттенүүсүн активдештирүү зарыл.
Ошону менен бирге Садыр Жапаров транспорттук-логистикалык байланыштарды жана туризмди өнүктүрүүнү келечектүү багыттар катары белгилеп, эки өлкөнүн ортосундагы практикалык кызматташтыкты кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн айтты.
Өз кезегинде Грузия парламентинин Төрагасы Шалва Папуашвили жылуу кабыл алуусу жана меймандостугу үчүн Президент Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирип, өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын чоң потенциалы бар экенин жана аны өнүктүрүү зарылдыгын баса белгиледи.
Ал бул сапары кыргыз-грузин байланыштарын чыңдоого жана кызматташууну кеңири багыттар боюнча кеңейтүүгө өбөлгө түзөрүнө ишенимин билдирди.
Шалва Папуашвили эки тараптуу деңгээлде да, эл аралык парламенттик аянтчалардын алкагында да парламенттер аралык диалогду өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурду.