Кыргызстанда үч айда 39 миңге жакын жаңы жумуш орду түзүлдү

 Кыргызстанда үч айда 39 миңге жакын жаңы жумуш орду түзүлдү

2026-жылдын январь-март айларында республика боюнча 38 миң 891 жаңы жумуш орду түзүлдү.

Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен 33 318и туруктуу жумуш орундары болгон.

“Жаңы жумуш орундарын түзүү боюнча эң жогорку көрсөткүчтөр Бишкек шаарында – 11 771, Баткен облусунда – 5 828, Ош облусунда – 5 113, Жалал-Абад облусунда – 4 426, Чүй облусунда – 3 566 жана Ош шаарында – 3 145 жумуш ордун түздү”, – деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, 2026-жылдын январь-июнь айларында региондорду өнүктүрүү фонддору тарабынан 894,1 млн сом өздөштүрүлүп, 245 долбоор каржыланды. Аталган долбоорлорду ишке ашыруунун натыйжасында 186 жаңы жумуш орду түзүлдү.

Экономика министрлиги инвестициялык жана аймактык долбоорлордун көбөйүшү квалификациялуу кадрларга болгон суроо-талапты жогорулатып жатканын белгиледи. Ушуга байланыштуу миграциялык мыйзамдарды өркүндөтүүдө инвесторлор үчүн ачык жана түшүнүктүү шарттарды түзүү менен катар Кыргызстандын жарандарынын жумуш менен камсыз болушуна, кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жана эмгек укуктарын коргоого өзгөчө көңүл буруу зарыл.

Связанный пост