Кыргызстан жана Тажикстан ТИМ башчылары чек арадагы кырдаалды талкуулады
![Кыргызстан жана Тажикстан ТИМ башчылары чек арадагы кырдаалды талкуулады](https://eltr.kg/wp-content/uploads/2022/09/cc016ddb-9de7-49b7-9b98-f8a3939568bb.jpeg)
Бүгүн, 16-сентябрда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддиндин ортосунда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөр болду.
КР ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, Кулубаев чек арадагы көйгөйлөрдү саясий жана дипломатиялык жол менен гана чечүү зарылдыгын дагы бир жолу белгиледи.