Мурас-Ордо конушундагы жаңы мектептин айланасы жашылдандырылды

 Мурас-Ордо конушундагы жаңы мектептин айланасы жашылдандырылды

Мурас-Ордо конушундагы жаңы мектептин айланасы жашылдандырылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, “Мурас-Ордо” жаңы конушундагы мектепке 42 арча, 1000 м2 газон чөп жана 3 миң бир жылдык гүлдөр отургузулган.

Мектептин аймагын жашылдандыруу иштерине Биринчи май районундагы ишкананын 35 жумушчусу тартылган.

Ошондой эле, «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Алтын-Ордо конушундагы жаңы мектептин, №10, №76 жана №99 мектептердин жанаша жайгашкан аймагын көрктөндүрүү иштерин бүтүрүштү.

Связанный пост