Кыргызстан суу каптоодон жабыркаган Оренбург облусуна гумжардам жөнөттү

 Кыргызстан суу каптоодон жабыркаган Оренбург облусуна гумжардам жөнөттү

Кыргызстан Россиянын суу каптоодон жабыркаган Оренбург облусуна гуманитардык жардам жөнөттү.

 

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 350 тоннадан турган гумжардамды өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жерине жеткирет.

 

ӨКМден белгилешкендей, 20 жүк ташуучу унаадан турган “Жардам кербени” бүгүн, 20-апрелде жолго чыгып, Казакстан аркылуу Россиянын Оренбург облусуна жеткирилет.

 

Гумжардамдын курамы өзгөчө кырдаал катталган аймактын элине эң керектүү болгон тамак-аш, турмуш-тиричиликке керектелүүчү буюмдар жана кийим-кече топтомунан даярдалды.

 

Алсак тамак-аш топтомуна – ун, шекер, күрүч, гречка, чай, өсүмдүк майы, эт консервасы, таттуу шире (сок), таттуу азыктары, тез даярдалуучу кесме, кургак сүт, кургак кесмелер кирет.

 

Ал эми турмуш-тиричилик буюмдарынын топтомуна – суу сордуруучу мотопомпа, керебет, матрац, жеңил жууркан (одеяло), жаздык, күрөк, лампочка, кум ташыган замбил (носилка), чатыр кирет.

 

Ошондой эле кийим-кече топтомуна – оңдор жана балдар үчүн куртка, жылуу ич кийим (термобелье), курулушка ылайыкталган резина өтүк кирет.

Связанный пост