Кыргызстан менен Түркия эки тараптуу жана транзит менен ташууга керектелчү уруксат кагаздарын 1-майдан тарта жокко чыгарат

 Кыргызстан менен Түркия эки тараптуу жана транзит менен ташууга керектелчү уруксат кагаздарын 1-майдан тарта жокко чыгарат

Кыргызстан менен Түркия эки тараптуу жана транзит менен ташууга керектелчү уруксат кагаздарын (дозволдорду) 1-майдан тарта жокко чыгарат.

 

Бул кадамга 2024–жылдын февраль айында Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаевдин Түркияга болгон иш сапарынын алкагында боордош өлкөнүн Транспорт жана инфраструктура министри Абдулкадир Уралоглу мырза менен жолугушуусу себеп болду.

 

Анда эки өлкөнүн Транспорт министрликтеринин кызматкерлеринен жана Эл аралык жүк ташуучулар ассоциацияларынын өкүлдөрүнөн турган транспорт комиссиясын түзүүнү макулдашып, эки мамлекеттин ортосундагы транспорт тармагындагы көйгөйлүү маселелерди чечүүгө биргеликтүү тапшырма берилген.

 

Биринчи отурум 2024–жылдын 18-19-апрель күндөрү Түркия мамлекетинин Стамбул шаарында өтүп, Кыргызстан менен Түркиянын Транспорт министрликтеринин эки тараптуу сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы менен эл аралык жүк ташууда эң маанилүү жакшы келишимдерге кол коюлду.

 

Эми 1-майдан тарта кыргыз-түрк жүк ташуучулары эч кандай тоскоолдуксуз эки өлкөгө жана транзит менен жүк ташый алышат (уруксат кагаздары жокко чыгарылат). Мындан сырткары, өлкөлөргө жүгү жок кирүү (бош кириш) жана үчүнчү өлкөлөрдүн жүгүн ташып келүүгө уруксат кагаздарынын квотасы көбөйтүлүп жүк ташуучулардын көйгөйүн кыйла жеңилдетүүгө кылынган далалаттар өз жемишин берди десек болот.

 

Кыргыз делегациясы Кыргыз Республикасынын жүк ташуучуларынын Түркияга же Түркия аркылуу транзиттик ташуулардын өтүү мөөнөттөрү, камсыздандыруу төгүмдөрү жана убактылуу номерлүү унаалардан алынуучу жыйымдар боюнча маселелерди көтөрдү. Түрк делегациясы бул маселелер боюнча билдирүү жасап, транзиттик мөөнөттөр жана камсыздандыруу маселелерин Түркиядагы компетенттүү мекемелер менен иш алып бара тургандарын билдирди.

 

Бул кадамдар эки өлкөнүн соода сатык алакаларынын өсүшүнө, транспорттук байланышынын чыңдалышына жана бир тууган мамиленин бекемдешине өбөлгө түзөт.

Связанный пост