Кыргызстандын ТИМ башчысы Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик министрин кабыл алды

2023-жылдын 5-июнунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ж.М.Кулубаев Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик министри Лео Докертини кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кыргыз-британ кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ж.М.Кулубаев Улуу Британия менен соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну чыңдоонун жана кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Тараптар маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү, өзгөчө билим берүү тармагында, ошондой эле эки өлкөнүн жарандарынын ортосундагы байланыштарды кеңейтүү үчүн болгон потенциалды белгилешти.

Тараптар ошондой эле аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги маселелерди талкуулашты.

Связанный пост