Кыргызстан менен Корея суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жаатында кызматташуу маселелерин талкуулашты
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысы Алмаз Исанов башында турган Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясы «K Water» корпорациясынын (Корея Республикасы) жетекчилиги менен жолугушту.
Тараптар суу ресурстарын башкаруу, сууну пайдаланууга жаңы технологияларды киргизүү, ирригация, суу сактагычтарды, кичи ГЭСтерди куруу жана эксплуатациялоо боюнча кызматташуунун негизги багыттарын талкуулашты. Көрсөтүлгөн технологиялар калкты ичүүчү суу менен камсыз кылууну жакшыртат (региондордо) жана суунун агып чыгышын жөнгө салууга өбөлгө түзөт.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысы Алмаз Исанов белгилегендей, Кыргыз Республикасынын азыркы Президенти өлкөнүн суу ресурстарынын болгон потенциалын сарамжалдуу пайдалануу маселесине өзгөчө маани берет.
«Кыргыз Республикасы сууну жөнгө салууда илимий мамилеге өтүүгө кызыкдар. Бул контекстте суу тармагы Корея Республикасы менен кызматташуунун негизги багыттарынын бири боло алат», – деди ал.
Өз кезегинде кореялык тарап Кыргыз Республикасында бул багытты комплекстүү изилдөө жана эксперттик деңгээлде тажрыйба алмашуу үчүн экспедициялык топ түзүүнү сунуштады.
Жолугушуунун жыйынтыгында ушул жылдын июль айынын аягында « K Water » корпорациясынын өкүлдөрүнүн Кыргыз Республикасына болгон иш сапарынын алкагында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу тууралуу макулдашууга жетишилди.