Кыргызстан Кытайдан күйүүчү май ташып келүүнү көбөйтүүнү пландап жатат

Кыргызстан Кытайдан күйүүчү-майлоочу майды ташып келүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө кызыкдар. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районуна болгон жумушчу сапарында айтты.

“Ынтымак ордо” билдиргендей, Эрлист Акунбеков баштаган Кыргызстанда күйүүчү май тармагында иштеген ондон ашык компаниянын жетекчилери Кытай мунай жана химиялык корпорациясынын (China Petroleum & Chemical Corporation — Sinopec) директорунун орун басары Тянь Хунбинь менен жолугушту.

“Кыргызстанда мунай продуктулары менен иш жүргүзгөн ар бир ишкердин түздөн-түз иш алып баруусу үчүн жана маселени жеринде көрүп таанышуусу үчүн делегациянын курамына коштук. Кыргызстан Кытайдан мунай продуктуларын жеткирүү көлөмүн көбөйтүүгө кызыкдар. Бул багыт чоң келечекке ээ жана өлкөлөрүбүздүн ортосундагы соода-экономикалык мамилелердин алкагындагы кызматташтыктын узак мөөнөттүү багыты болуп саналат деп эсептейм”, – деди Эрлист Акунбеков.

Sinopec корпорациясынын директорунун орун басары Тянь Хунбинь буга чейин түзүлгөн биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну жана мунай тармагында жаңы багыттарда иш алып барууга кызыкдар экенин билдирген. Өкмөт Sinopec мунай жана газ тармагында иштеген дүйнөдөгү эң ири компаниялардын ичинен алтынчы орунда турарын кабарлады.

Жолугушуунун соңунда курамына тиешелүү мамлекеттик органдар жана компаниялар кирген жумушчу топтор, Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу материалдарды жеткирүүгө байланыштуу транспорт, бажылык жол-жоболоштуруу, соода жүгүртүү жана башка тиешелүү маселелерди талкуулашты.

Связанный пост