Кыргызстан Беларусь жана Кытайдан күйүүчү май ала баштады

 Кыргызстан Беларусь жана Кытайдан күйүүчү май ала баштады

Кыргызстан күйүүчү май импорттоп алуу боюнча бир нече өлкө менен кызматташууну күчөтүүдө. Учурда Беларусь менен түзүлгөн келишимдин негизинде күйүүчү май импорттоо боюнча иштер жүрүп, Россия аркылуу транзит маселеси чечилген. Бул тууралуу энергетика министри Алтынбек Рысбеков маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө билдирди.

Министрдин айтымында, Беларусь тарап менен сүйлөшүүлөр так жолго коюлуп, күйүүчү май ташыган бир нече вагон жолго чыккан.

“Мындан тышкары, Кытай менен да күйүүчү май жеткирүү боюнча бир катар макулдашууларга жетишилди. Кыргызстандын делегациясы Кытайга барып, жеткирүүнүн көлөмү, шарттары жана башка маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Учурда Кытайдан биринчи партиялар жөнөтүлдү, логистикалык маселелер иштелип жатат”, — деди Рысбеков.

Маалымдалгандай, Кытай менен чек аранын жакындыгы күйүүчү майды автоунаа транспорту аркылуу жеткирүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бирок, жеткирүү процессин толук уюштуруу үчүн айрым даярдык иштери талап кылынууда.

Министрлер кабинети күйүүчү май менен камсыздоо маселесин тездетүү максатында Энергетика министрлигине, Транспорт министрлигине жана башка тиешелүү мамлекеттик органдарга жеткирүү процессиндеги тоскоолдуктарды жоюу боюнча тапшырмаларды бергендиги кошумчаланды.

Мындан тышкары, Кыргызстан Өзбекстан менен да күйүүчү май багытында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн карап жатат. Бул боюнча сүйлөшүүлөр премьер-министрлердин жана министрлердин деңгээлинде жүрүп, жеткирүү механизмдери талкууланып жатканы кабарланды.

Связанный пост