Кыргызстан балдардын рак оорусуна каршы күрөшүү боюнча глобалдык демилгеге кошулууга ниеттенүүдө

 Кыргызстан балдардын рак оорусуна каршы күрөшүү боюнча глобалдык демилгеге кошулууга ниеттенүүдө

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) Кыргызстанда рак оорусуна көзөмөлдү жакшыртуу боюнча Миссиясы 2023-жылдын 21-августунан 25-августуна чейин Бишкекте болот.

Бүгүн, 23-августта Бишкекте Балдардын рак оорусуна каршы күрөшүү боюнча глобалдык демилгеге Кыргызстандын кирүүсүн талкуулоо боюнча тегерек стол өттү.

«Онкология маселеси, өзгөчө балдар онкологиясы, биздин өлкө үчүн актуалдуу. Кыргызстанда 2022-жылы 180 бала онкология менен катталса, ага чейин жыл сайын 120га жакын бала аныкталчу. Биз диагностикалык методдорду, аныктоо куралдарын өркүндөтүү, керебеттердин санын кеңейтүү жана техникалык базаны жакшыртуу боюнча активдүү иш алып барып жатабыз. Дары-дармектерди ачык пландаштырууну жана бөлүштүрүүнү камсыз кылуу үчүн онкологиялык бейтаптардын санариптик реестри түзүлөт. Кыргызстан балдардын рак оорусуна каршы күрөшүү боюнча глобалдык демилгеге кошулуу ниетинде. Бул жол берилгис ажырымды жоюу жана баланын рак оорусуна байланыштуу эң оор сыноолорду башынан өткөрүп жаткан ата-энелерге үмүт берүү үчүн жасалган кадам», – деди Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова.

Связанный пост