«КР Президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду

 «КР Президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин күчүн жого тоотту деп таануу жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

 

Буга чейин Мамлекет башчысынын 2022-жылдын 15-августундагы № 284 “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” Жарлыгына ылайык Элдик Курултайдын статусун мыйзам менен жөнгө салууга чейин, 2022-жылдын 25-ноябрында Бишкек шаарында биринчи Элдик Курултай 1 074 делегаттын катышуусунда болуп өткөн.

 

“Элдик Курултай жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы кабыл алынгандыгына жана күчүнө киргендигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 22-августундагы № 284 “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” Жарлыгы күчүн жоготту, ошону менен бирге 2022-жылдын 25-ноябрында болуп өткөн Элдик Курултайдын делегаттарынын ыйгарым укуктары токтотулду.

Связанный пост