Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева менен ИМБДУнун башкы директору Дарен Танг жолугушту

 Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева менен ИМБДУнун башкы директору Дарен Танг  жолугушту

2022-жылдын 17-июлунда ИМБДУнун штаб-квартирасында Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева ИМБДУнун башкы директору Дарен Танг менен жолугушту.

Р.Керимбаева ИМБДУнун башкы директоруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын атынан 2022-жылдын сентябрына белгиленген креативдүү экономика боюнча аймактык семинарга чакыруу катын тапшырды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Р. Керимбаева менен Д.Танг эки тараптуу мамилелердин оң динамикасын белгилешип, биргелешкен иш-чараларды талкуулашты.

Директор Р.Керимбаева Кыргызпатенттин учурдагы долбоорлоруна, атап айтканда коомдук башталышта илимий жетекчилерге токтолду. Танг мырза WIPO IP4Teachers тарабынан ишке ашырылып жаткан программаны белгиледи.

Ошондой эле, Р.Керимбаева ИМБДУнун Башкы директоруна соттордун жана парламентарийлердин интеллектуалдык менчик жаатында маалымдуулугун жогорулатуу зарылчылыгы жөнүндө маалымат берди. Ошол эле учурда тараптар коммерциялык сырлар боюнча биргелешкен семинар өткөрүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга макулдашышты.

ИМБДУнун башкы директору Д.Танг тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөргө пландаштырылган жана суралган иш-чаралардын мындан аркы аткарылышын талкуулоону тапшырды.

Связанный пост