Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде ок чыгарылды деген видеомаалымат чындыкка дал келбейт

 Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде ок чыгарылды деген видеомаалымат чындыкка дал келбейт

Кыргыз Республикасынын УКМКнин Чек ара кызматынын информация жана коммуникация башкармалыгы 2023-жылдын 23-июлунда социалдык медиада кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде ок чыгарылды деген видеомаалымат чындыкка дал келбестигин маалымдайт.

2023-жылдын 23-июлунда Тажикстандын аймагында Тажикстан Респубикасынын УКМКнин Чек ара аскерлеринин «Плотина» чек ара постунда 2 жолу ок атылган.

Ошол эле күнү Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтүп, анын жүрүшүндө тажик тарап ТР УКМК ЧА мөөнөттүү кызмат өтөп жаткан жоокер куралды оксуздандыруу учурунда кокусунан эки жолу ок чыгарып алгандыгын маалымдашкан.

Жаракат алгандар болгон эмес.

Тараптар бардык көйгөйлүү тилкелерде мамлекеттик чек араны кайтарууну уюштуруунун эрежелерин жана чыр-чатактуу жагдайларга алып келе турчу жалган маалыматтарды таркатпоо тууралуу чек арага канатташ аймактардын эли арасында түшүндүрүү иштерин улантуу зарылдыгын талкуулашты.

Кыргыз Республикасынын УКМК ЧА чек ара заставасынын башчысы жолугушуу бүтөөрү менен кокусунан чыгарылган ок тууралуу видеотасма тарткан Кыргызстандын жараны менен маектешип, ага чыныгы жагдайды түшүндүрүп берген. Бирок буга карабастан ал жаран видеону социалдык медиага чыгарып салган.

Белгилей кетсек, кандайдыр бир суроолор жарала турган болсо жарандар жакынкы чек ара тарамдарга кайрылып маалымат тактап же мыйзам чегинде маселелерди чечишсе болот.

Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара кызматы жарандарды жалган маалыматты таркатпоого чакырат.

2023-жылдын 24-июлуна карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде жагдай туруктуу.

Связанный пост