Кышка даярдык: Бишкекте көмүр тартыштыгына жол берилбейт

 Кышка даярдык: Бишкекте көмүр тартыштыгына жол берилбейт

Бишкекте 2026-2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык боюнча штабдын жыйыны өтүп, жылуулук ишканаларынын даярдыгы жана шаарды көмүр менен камсыз кылуу маселелери талкууланды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жыйындын жыйынтыгында жылуулук менен камсыздоочу муниципалдык ишканаларга оңдоо иштерин белгиленген графикке ылайык өз убагында аяктоо тапшырылды.

Ошондой эле Бишкектин райондорунун башчыларына отун базаларында сапаттуу көмүрдүн жетиштүү көлөмүн камсыз кылуу жана көмүр тартыштыгына жол бербөө боюнча чараларды көрүү тапшырылды.

Учурда шаардын райондорунда отун базалары иштеп, тургундар көмүр сатып ала алышат.

Связанный пост